Москвада такси кызматында иштеген кыргыз жараны унаасы менен 60 жаштагы аялды сүзүп кетти

Орусиянын Москва шаарында такси кызматында иштеген кыргыз жараны унаасы менен 60 жаштагы аялды жөө адамдар өтчү жолдон сүзүп кетти. Кырсык 17-сентябрь күнү кечке жуук Москва шаарынын түндүк-батыш тарабында катталганын Орусиянын маалымат каражаттары жарыялашты.  
Маалым болгондой, чоң көчөлөрдүн биринде 60 жаштагы аял унаалардын токтошун күтүп, жолдун аркы тарабына өтүп баратканда катуу ылдамдыкта келе жаткан Хундай-Соната үлгүсүндөгү унаа жолдун ортосунан сүзүп кеткен. Кырсыктан улам 60 жаштагы аял башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми айдоочу Кыргыз Республикасынын 53 жаштагы жараны болуп чыкты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bekchoro
2015-09-19 15:07:46
Кудай сактасын кырсыктан жакшы аман калыптыр эми биздин жаранды кандай жазалашат экен ?
0
beka1207
2015-09-19 15:15:45
Кырсык каш менен кабактын ортосунда..кудай сактасын
+5
Mars55
2015-09-19 15:19:57
жаман болуптур
0
kama_future_millioner
2015-09-19 20:36:41
Кудай сактасын эми
0
nur_2010
2015-09-19 21:18:48
эми эмне болот эле камашатда.тем более пешеходдун устундо сузгон.ушундай окуя болду красноярскийдеда бирок орус эле шофер,кыргыз эжени сузуп кетти насмерть.ал шоферду только 3 жылга правасын алыптыр и все.тиги орус шофер эженин семьясына 100000 руб акча бериптир ошо менен кутулуптур
+1
sezim2009
2015-09-19 22:02:30
айдоочу асманды карап баратканбы алдын карап астан айдаш керек эле кооп кетсе керекда акчасы ашып ботон эле ботон жерде
-1
bek040295
2015-09-19 22:30:36
Байкеге кыйын болотго эми орустардын мышыгын пыш деп койсон ызычуу салчеле адам уруп кеткен болсо ,,,,
+1
ilim07
2015-09-19 23:20:43
Жаман болуптур эми мигрант водителдерге дагы бир нерсени оцлоп табышат
+2
Pantherka
2015-09-20 14:24:57
Ой бай жаман болуптур, орус аял жакшы болуп кетсин эми.
0
Karysh
2015-09-21 10:58:48
Ошто айдагандай айдаган го акажон болду машинаны сатсаңыз да кутулбайс орустардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан