Бүгүн, 19-сентябрда Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турсунбек уулу Султан атындагы мектептин окуучулары уруша кетишип, бири каза болуп калды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган айылдын башчысы
Мелис Төлөгөнов билдирди.
Анын айтымында, 9-10-класстын эки окуучусу 3-сабактан соң сыртка чыгып уруша кетишкен.
"10-класстын окуучусу 9-класстын окуучусунун көкүрөк тушуна катуу уруп жибергенде ошол жерден жүрөгү токтоп калган. Ооруканага алып бара жатканда каза болуп калды. Учурда ата-энелер мектепке жыйналышууда. Ал эми баланын денесин экспертизадан өткөрүү үчүн Кочкор районуна алып кетишти. Жыйынтыгы ошондон кийин билинет",- деди Төлөгөнов.