“Эгерде дарыгерлер, мугалимдер, жол жана үй куруучулар дипломдорун сатып алып жатышса, анда карапайым элдин укугу кантип корголот? Бул сыяктуу терс көрүнүштөрдү токтотуу элдин – сиздердин гана колуңуздардан келет. Шайлоодо эл үчүн берилип иштеген партияны тандап алуу менен адам укугунун корголушуна салымыңыздарды кошкон болосуздар”,- деп билдирди Аида Салянова “Ата Мекендин” Ат-Башы районундагы үгүт кербенинде эл менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер өлкөнүн келечегине жол сала турган электорат карапайым эл экенин, өлкөдө тартип болгондо гана алдыга карай өсүү, өнүгүү байкаларын айтты. Тартип, мыйзамдуулуктун сакталышы баарынан маанилүү экенин, ал эми тартипти орното турган күч “Ата Мекен” партиясы экендигин айтат экс-башкы прокурор.
Ат-Башы жергесинен парламентке талапкерлигин коюп жаткан Аида Салянова тууралуу жакшы кептер айтылганы белгиленет маалыматта. Талапкерлердин бири Каныбек Иманалиев: “Кызыңыздар Аида Салянова - азыркынын Кыз Сайкалы. Ал жалтанбастыгы, эрктүүлүгү жана чечкиндүүлүгү менен айырмаланган кыргыздын чыгаан асылзаты. Анын колунда мыйзамдар жана кодекстер деген негизги курал бар. Анын башкы прокурор катары ишмердүүлүгү жалпыга маалым. Ошондуктан өлкөдө тамыры кеңири жайылган коррупциянын жоюлушун бир гана “Ата Мекен” партиясы колго алат. Салянованы шайлап бериңиздер, аны кайрадан бийликке алып келсек, коррупция менен күрөшүүдө дагы далай иштерди жүргүзөбүз”,- деп билдирди.
Жамгырга карабай ат-башылыктар “Ата Мекен” партиясынын программасы менен таанышууга арбын чогулуп, тургундардын саны 15 миңден ашканы айтылды. Чогулган эл чындыкты, адилеттүүлүктү бек туткан “Ата Мекен” партиясын колдоо менен өлкөдөгү коррупцияны, кылмыштуулукту жоюп, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошо алышарын белгилешкени айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.