Жалал-Абад облусунда кечинде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, 20-сентябрда саат 22:09да очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында Фергана тоо кыркаларында, Сузак районундагы Канжыга айылынан 10 чакырым чыгышты карай, Ор-Казган айылынан 20 чакырым түндүк-чыгышты карай, Саты айылынан 23 чакырым түштүк-чыгышты карай, Көк-Жаңгак шаарчасынан 40 чакырым түндүк-чыгышты карай, Өзгөн районундагы Салам-Алик айылынан 40 чакырым түндүктү карай, Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Канжыга айылында 5 балл, Саты, Ор-Казган, Калмак-Кырчын айылдарында 4-4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Салам-Алик айылында 4 балл, Сары-Булак, Каду айылдарында 3-3,5 балл жана Жалал-Абад шаарында 3 балл болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2
2015-09-21 08:32:39
Таият жана бодо кырсыктан кудай сактасын
0
rahali
2015-09-21 08:43:01
Ооба бир силкинип отту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан