Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кырсыктардын бири Сокулук районунун Сарбан айылында орун алды. Балдардын от менен болгон шоктугунан үйдүн короосундагы 600 түк чөп күйүп кетти. Учурда күнөөлүү такталууда. Мындан тышкары Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында, Бишкек-Ош унаа жолунун 580-чакырымында Киа үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткычы күйгөн. Буга электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Бишкекте электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан батирдеги бөлмөдө 1 жыгач эшик, 1 диван, 2 жаздык күйгөн.