Чүй облусунун Кемин шаарында айымды зордуктоо боюнча эки киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 15-сентябрда саат 23:30 чамасында Кеминде 32 жаштагы айым такси унаасына отуруп, Кашкелең айылына жеткенде айдоочу жана анын шериги айымды унаанын ичинде зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Б.А. жана 25 жаштагы Э.Т. Чүй облусунун тургундарын кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.