Мамлекеттик мүлктү өз алдынча ижарага бергени үчүн "Кыргыз телекомдун" кызматкерине кылмыш иши ачылды

"Кыргыз телеком" ишканасынын жооптуу кызматкерине кылмыш иши ачылды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын билдиришинче, ишкананын кызматкери 2012-жылы ыйгарым укуктарын ашкере пайдаланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашпастан мамлекеттик имараттардын бирин ижарага берип жиберген. Тийиштүү материалдардын негизинде 2015-жылдын 16-сентябрында Башкы прокуратура аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогону айтылды. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 872 сом деп белгиленди. Кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча айыпталууда. Тергөө жүрүп жатканын билдирет Коррупцияга каршы кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан