Баткенде үй ээсинин тойго деп сактаган акчасын коркутуп алып кетүүгө шектелгендер кармалышты

Баткенде каракчылыкка шектелген балдар кармалып, камакка алынышты. Баткен ОИИБинин билдиришинче, кылмыш 19-сентябрда катталып, шектүүлөр бир күндөн кийин колго түшүштү.
"19-сентябрда саат 23:30 чамасында Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Булак айылынын тургуну, 1938-жылы туулган Ражап Алиевдин үйүнө белгисиз адамдар бастырып киришип (бет капчан, бирөөсүнүн колунда бычак болгону айтылды) үй ээсин коркутуп акча талап кылышкан. Үйдү тинтишип, Алиевдин тойго барам деп катып койгон 20 000 сомун алып кетишкен. Баткен РИИБинин кызматкерлери тарабынан 20-сентябрда кылмышка шектелип Баткен шаарынын 21 жаштагы туругуну К.Н., Баткен шаарынын 20 жаштагы тургуну А.К., Баткен шаарынын 16 жаштагы тургуну Э.К., Баткен районунун 18 жаштагы тургуну И.М. жана Ош облусунун Өзгөн районунун 18 жаштагы тургуну Ш.Б. кармалышты",- деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Santta
2015-09-22 19:50:39
Эркинен ажыратсын мындай макоолорду,катту жазалаш керек мына ошондо козу ачылып,ойлонуп кадам таштай турган болот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан