Бүгүн, 21-сентябрда Ош облусунда жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Өзгөн районундагы Мырзаке айылында саат 10:00 чамасында Өзгөн - Кара-Кулжа унаа жолунун 17-чакырымында Мерседес-Бенц жана Хонда Степ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. "Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц унаасында 2 адам, Хонда Степ унаасында 1 адам кыпчылып, каза болушкан. Унааларда каза болгон 3 адамдын жансыз денелерин куткаруучулар чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан тышкары ооруканага жеткирилген 8 адамдын үчөөсү жаракаттардан улам каза тапкан. Жалпысынан кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган",- деп билдирет мекеме.