Бишкекте лицейдин студенттеринин ортосундагы мушташтан улам алардын бири каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда борбор калаадагы кесиптик лицейлердин биринде футбол боюнча мелдеш өтүп жаткан. "Анын жүрүшүндө 2-3-курстардын студенттеринин ортосунда чыр чыккан. Иш-чара бүткөн соң алар мушташа кетишип, жыйынтыгында 18 жаштагы М.К. аттуу баланын моюнуна бычак сайылган. Мындан кийин ал №4-ооруканага жеткирилген, бирок оор жаракаттан улам каза тапкан. Бул факт боюнча "ден соолукка оор залал келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 15 жаштагы Ж.Н. аттуу бала кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда",- деп билдирет Бишкек ШИИББи.