Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Муну бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 15:05те болгон. Очогу Жетим-Бел тоо кыркаларынын түштүк жагында, Тамга айылынын түштүк тарабынан 40 чакырым, Барскоон айылынын түштүк тарабынан 42 чакырым, Кажы-Сай айылынын түштүк-чыгыш тарабынан 50 чакырым, Бөкөнбаев айылынын түштүк-чыгыш тарабынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калк көп отурукташкан Тамга, Барскоондо жер титирөөнүн күчү 3 баллга, ал эми Кажы-Сай жана Бөкөнбаевде 2,5 баллга жеткени айтылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.