Бишкектеги "Дордой" базарында уюлдук телефондорду уурдоо боюнча кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга аталган базардагы контейнерден 20 миң сомдук "Samsung Galaxy" үлгүсүндөгү уюлдук телефондун уурдалганы боюнча арыз түшкөн. Ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Серик Байбулов аттуу 1981-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталды.
"Урматтуу Бишкектин тургундары жана меймандары, эгер сиздер Серик Байбуловдун колунан зыян тарткан болсоңуздар, Свердлов РИИБине төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: (0312) 43-32-75 (нөөмөт бөлүмү), (0312) 90-73-16 ("Дордой" базарындагы милиция бөлүмү),
(0771) 48-62-62 (кылмыш издөө бөлүмү)",- деп кайрылат Бишкек ШИИББи.