Акыркы 2 күндүн ичинде өлкөдө үчүнчү жер титирөө катталды

Кечээ, 21-сентябрда саат 21:37де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, зилзаланын очогу Арпа өрөөнүндө Ак-Бейит айылынан 25 чакырым түштүк-батышка карай, Торугарт айылынан 25 чакырым түндүк-батышка карай жайгашкан. Ак-Бейит, Торугарт калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү 2 баллга сезилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан улам жаракат алгандар жана зыян тарткандар жок.

Айта кетсек, буга чейин 20-сентябрда Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2015-09-22 08:45:53
мен 23-сентябрга чейин жер титироо каталат дер уктум эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан