Ошто жеке компаниялардын бири Өзгөн районундагы "Караке" кенинен мыйзамсыз көмүр казганы үчүн айыпталууда. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын билдиришинче, компания быйыл июлда тийиштүү документтери жок туруп кенден 546 тонна көмүр казган. Тийиштүү органдардын эсеби боюнча, муну менен мамлекетке 1 миллион 448 700 сом зыян келтирилгени, буга Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук башкармалыгынын жооптуу кызматкеринин өз милдеттерин жетиштүү аткарбаганы себеп болгону айтылды.
Быйыл 15-сентябрда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "шалаакылык", "мыйзамсыз ишкердик" беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканын билдирет мекеме.