Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылындагы №68-кесиптик лицейинде 5 жылдан бери жасалма диплом менен иштеп жүргөн жаран мыйзамсыз ишин жашыруу үчүн милиция кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда 2010-жылдан бери адис болуп иштеп жаткан жаранды текшерүү учурунда буга чейин жасалма диплом менен жумушка орношуп, мамлекет тарабынан айлык акы алып, мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган.
Бул кылмыш ишин иликтөө учурунда ал жарандын 2010-жылы Ош мамлекеттик университетин тарых адистиги боюна аяктаганы тууралуу диплому жасалма экени тастыкталып, андан соң кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, өзүнүн мыйзамсыз ишин жашыруу максатында милиция кызматкерине пара катары акча каражатын сунуштаган. Бул иш боюнча милиция кызматкерлеринен оперативдүү топ түзүлүп, жасалма дипломдун ээси 20 000 сом пара сунуштап жаткан жеринен 18-сентябрь күнү күбөлөрдүн катышуусу менен кармалган.
Учурда аталган факт боюнча "пара берүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, айыпталуучу соттун чечими менен үй камагына отургузулду. Бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.