Бишкектин Арча-Бешик конушунда уурдоо фактылары боюнча 24 жаштагы Кубанычбек уулу Абазбек кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, колго түшүрүү учурунда анын жанында телевизор жана компьютер болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран буга чейин "тоноо", "зордуктоо" жана "уурдоо" беренелери боюнча соттолгону аныкталды. Суракта Кубанычбек уулу Абазбек Арча-Бешик конушундагы жана башка райондордогу жеке үйлөрдөн 18 ирет уурулук жасаганын моюнуна алды. Учурда 6 уурдоо фактысына тиешеси бар экени тастыкталды. Ал үйлөргө айнектерди ачып кирип, ноутбук, комуз, телевизор, араа, килемдерди уурдаганы белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары уланууда.