Бишкекте "ишеничке кирип, алдоо жолу менен акчаны жана унааны ээлеп алган" деген шек менен шектүүлөр кармалышты

Бишкекте "Рэкетир" аталышындагы рейд өткөрүлүп, кылмыштарга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган рейддин жүрүшүндө "2013-жылы айымдын ишеничине кирип, алдоо жолу менен 30 миң сомду ээлеп алган" делинип 31 жаштагы Т.Айжан кармалды. Учурда анын шериги изделүүдө. Мындан тышкары "ушул жылы 15-июнда Кайрат аттуу жабырлануучунун ишеничине кирип, Мазда үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган" деген шек менен 43 жаштагы П.Нурбек кармалды. Ошондой эле милицияга "2013-жылы Гүлкайыр аттуу айым ишеничке кирип, 5900 долларды ээлеп алды" деген арыз түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары Бишкектин тургуну, 55 жаштагы аял кармалды. 
Бул фактылар боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatka19
2015-09-22 15:45:46
Ээлеп алганы эмнеси,өзүнө каттатып алабы ошондо?.
+1
Take_men
2015-09-23 12:00:07
Тартып алса грабеж болот. Ээлеп алганы мошенник дегени го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан