Акыркы 3 күн ичинде өлкөдө күчү 3 баллдан жогору 4 жер титирөө орун алды

22-сентябрда саат 23:43тө Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Кызыл-Жар айылынан 8 чакырым түндүк-батыш тарапка карай, Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым түштүк-батышка карай жайгашкан. Калктуу аймактарда жер силкинүү сезилгени маалым болду. Таш-Көмүр шаарында жер титирөөнүн күчү 5 балл, Кызыл-Жар айылында 4 балл, Майлуу-Суу жана Кербен шаарларында 3 баллга жетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, табигый кырсыктан кыйроолор болгон жок.

Айта кетсек, буга чейин 20-сентябрда Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. 21-сентябрда Нарын облусундагы Арпа өрөөнүндө да күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
saltanat.
2015-09-23 08:21:36
Зилзала дебейт, зилзаладан кудай сактасын. Зилзала деген жер астын үстүн болгон жер титирөөнү айтат.
+2
kuma22
2015-09-23 08:24:51
Кудай сактасын.
0
nursultan1
2015-09-23 09:59:54
Оа бизге да сезилди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан