Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында мектеп окуучулары шайлоого катышчу саясий партиялардын биринин тоодо илинген плакатын чечебиз дешип кулап кетип, бири набыт болсо, экинчиси бир колунан ажырады. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
"Балдар плакат илинген жердеги чоң таштын үстүнө чыгышканда таш ордунан жылып кетип, балдар аны менен кошо кулап түшүшкөн. Балдардын биринин башына таш тийип, ошол жерден каза тапкан. Экинчи баланын бир колу ооруканадан кесилди, учурда бала дарыланууда. Ал эми плакат окуя болгондон кийин алынган",- деди жергиликтүү тургундардын бири.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди: "15-сентябрда саат 16:30 чамасында шаардык ооруканага ар кандай жаракаттар менен А.Ж. аттуу 2006-жылы туулган бала жеткирилгени тууралуу кабар милицияга түшкөн. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө тобу тергөө жүргүзүп, жабырлануучунун энеси менен жолугуп, балдар тоого ойноп чыгышканы аныкталган. Ал жерде балдар этиятсыздыктан улам таш менен кошо кулап түшүшкөн. Жыйынтыгында окуя болгон жерден балдардын биринин жансыз денеси табылган. Анын жанында салмагы 1 тоннага жеткен таш жаткан. Кулап түшкөн таш экинчи баланын колун басып калган. Ал учурда ооруканада дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда".