Таласта дизель майын мыйзамсыз ташып бараткан 2 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 23-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой,
ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын
негизинде 22-сентябрь күнү
таңкы саат 04:00 чамасында Талас
шаарынын чыга беришинен 56 тоннадан ашуун дизель отунун ташып
бараткан Рено-Премиум жана
Хово жүк ташуучу унаалары токтотулган. Текшерүү учурунда тийиштүү документтери жок болуп чыкты.
Унаа ээлери дизель отуну Медет аттуу жаранга таандык
экенин жана бул дизель отуну Манас районундагы айылдардын бириндеги базадан куюлуп, республиканын
түштүк тарабына жиберилип жатканын айтышкан.
Бул факт боюнча документтер
толтурулуп, Талас ОИИБине каттоого алынып, тийиштүү текшерүүлөр
жүргүзүлүүдө.