УКМКнын Коррупцияга
каршы кызматы бүгүн, 23-сентябрда Бишкектин “Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы табылганын билдирди. Аталган ишкананын
кызматкерлери мыйзамдарды бузуу менен муниципалдык менчиктеги объектилерди
(сейил бактар, эс алуу аймактары) үчүнчү жактарга ижарага
беришкени, пайдаланганы үчүн ижара акысынын өлчөмү төмөндөтүлгөнү, ижарадан түшкөн акчаны Бишкек
мэриясынын Муниципалдык менчиктер башкармалыгына которушпаганы айтылат маалыматта.
Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 6 миллион 394 700 сомду түзгөн.
Факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.