Бишкекте 18 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен 23-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын
Жаркынай аттуу 20 жаштагы тургуну укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, 21-сентябрь күнү саат 16:30да белгисиз бирөө үйүнө кирип 4200 сомун жана уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Бишкектеги Свердлов РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөөнүн натыйжасында бул уурулукка шектүү катары Бишкек шаарынын 18 жаштагы Айзада аттуу тургунун кармашты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.