Ош шаарында өткөн эркектер арасындагы волейбол боюнча өлкө чемпиондугунун 1-турунун жеңүүчүсү 3-март күнү агыкталды. Мелдеште 11 упай топтогон нарындык “Теңир-Тоо” командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. 2-орунду Жалал-Абад облусунун "Жаштык" командасы, 3-орунду аталган облустун "Чаткал" командасы ээледи. Өлкө чемпиондугунун экинчи мелдеши 8-апрелден 15-апрелге чейин Жалал-Абад шаарында, ал эми жыйынтыктоочу 3-мелдеши Ош шаарында 6-майдан 12-майга чейин өтмөкчү.