Бүгүн, 23-сентябрда Нарын облусундагы Шор-Булак ашуусунда чек арачылар браконьерди кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандын унаасынан 20 килограмм тоо текенин эти жана мылтык табылган. Ал Кыргыз Республиканын жараны, Ат-Башы районундагы Калинин айылынын тургуну экени аныкталды. Тиешелүү материалдар даярдалган соң, кармалган жаран жана табылган эт Айлана-чөйрө жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Табигый ресурстарды туура пайдалануу департаментине тапшырылды.