19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек 11-класстагы окуучулар тарабынан ур-токмокко алынып каза тапкан. Маалыматтарга караганда, танапис маалында 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков аны жүрөк тушка катуу уруп салган. Жыйынтыгында эсин жоготкон Эркинбек ооруканага жеткирилген. Бирок окуучу өзүнө келе албай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Интернетте жабырлануучунун классташтарынын бул окуянын чоо-жайын айтып, түшүндүрүп жаткан видеосу тарады. Анда төмөнкү сөздөр айтылат:
Окуучу: - Биз киргенде эле 11-класстын окуучулары "колуңарды артка алгыла" дешти. Биз албай жаттык. Колду артка алганыбызда, баарыбызды төшкө чапкылады. Өзөрүп отуруп калдым. Биртике чыдадым. Анан тур деди. 1 мүнөткө жетпей бул жанымдагы бала “Менин төшүм ооруйт, чаппагылачы. Чаппай коё тургулачы” деп жалдырады.
Жанындагы окуучу: - Жалдырадым. Эркинбек тизелеп отуруп калды. Жайылбек кармап, эс алдырып жаткан. Анан тиги да коркуп кетип коё бергенде бети менен астыга түшүп калып жатпайбы.
Ата-энелердин бири: - Чапкандан кийин болуп жатат да, ээ?
Окуучу: - Аны чапканда дубалга сүрүлүп келди. Андан мурун отуруп калган, ичин кармап. Ошондо тургузбай койсо да аман калмак беле. Отуруп калганда “Тур арамзаланбай, тур!” деп бир нече жолу айтты.
Дагы бир окуучу сөзгө кошулду: - Биринчи чапканда ошенткен. Анан аны экинчи ирет чабарда Эркинбек “мени чаппай эле койгулачы, жүрөгүм ооруп жатат” деп айткан. Буга карабастан Жайылбек “Арамзаланбай тур!” деп аны ошол жерден чапты.
(Ушул жерден окуучулар ыйлап жиберишти. Ата-энелер да кейип жатышты)
Эркинбектин апасы: - Ай, мыкаачылар, ай, эмнеге баламды өлтүрөт, ай?! Баламды жанчып жатса эмнеге карап коюшпайт, ыя?!
Орто жаштагы адам: - Керек болсо кыздар аяйт экен. Мына айтып отурат. “Биз жашырсак, балдарыбызды кайра сабайт” дейт.
Кыздар жарыша сүйлөп башташты: - Эркинбек 2-3 күндөн бери сыртка чыкпай жаткан болчу. Эрте келип, кеч кетип жаткан. Мектепте танапис учурунда да сыртка чыкчу эмес. “Айтпагыла, эжелерге да айтпагыла, 11-класстагылар сабайт бизди” деп. Ошол эле күнү “салык” да салышыптыр. "Эшикке чыккым келбей жатат, баскым келбей жатат" деп айткан болчу мага. Биз баарыбыз эшикке чыгып кеткенде, 11-класстын балдары келип алып кетишиптир.
Белгисиз бирөө: - Көптөн бери сабачу беле?
Кыздар: - Жыл сайын эле кайталана берчү. "Дастан деген бала сол жак колума тээп салды, чыгарып салды" деп ыйлап келген болчу... 19-сентябрда болсо ошентип өлүп калды. Балдарды дүкөнгө жиберип, арак жана сыра алдырып жатышкан.
Эркинбектин апасы: - Башка балдарымды жибербейм мектепке, менин балдарымды өлтүрүп... (ушул жерден видео токтогон)