Бөтөн паспорт менен Түркияга кетүүгө камынып жаткан аял кармалды

Башка жарандын паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө камынып жаткан 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 
Маалым болгондой, бүгүн, 23-сентябрда "Манас" аэропортунан 46 жаштагы аял башка жарандын паспорту менен Бишкек-Стамбул каттамы аркылуу Түркияга учуп кетүүгө камынып жаткан жеринен колго түшкөн.
Ошондой эле 22-сентябрда 15 жаштагы өспүрүм бала башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан өтүп жатып кармалды. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга өтүүнү көздөгөн. 
Чек арачылар аталган фактылар боюнча тиешелүү документтерди толтуруп, андан кийин аларды укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasta
2015-09-23 13:33:46
емне деген еле заман боолуп жатат я
0
edik.toloikon
2015-09-23 18:55:42
Заман өз ордуна эле адамдар бузулуп жатат братан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан