1000 доллар пара талап кылганы үчүн Галмамат Анапияевге 4 миллион 200 миң сом айып пул салынды

Ош шаардык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Галмамат Анапияевге 1000 доллар пара талап кылганы үчүн 4 миллион 200 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айып пул мамлекеттик бюджетке кайтарылышы керек. Соттун чечими жарыялангандан кийин 10 күн өткөндө күчүнө кирет. Г.Анапияев апелляцияга берүүдөн баш тартты. 

Айта кетсек, август айынын башында 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Галмамат Анапияев кармалган. Ал суу түтүктөрүн салуу боюнча аткарылган жумушту текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
marmiladka9
2015-09-23 16:03:59
Сссасык саясат...
-1
meerimma84
2015-09-23 16:20:37
Ааа эчнерсе эмес 5млн берип кутулуп кетет
0
Mars55
2015-09-23 16:44:37
пулун болсо кулунмун деген жашоодо жашап калдыкбы?
0
mirlanpiter
2015-09-23 20:15:22
Эми байкатпаай жееп анан мынаа деп толоп койот...оной эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан