Жогорку Соттун судьялары Жогорку Соттун төрайымы жана төрайымдын орун басарларын шайлашты. Бул тууралуу 23-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Жогорку Соттун төрайымы болуп Айнаш Токбаева шайланды. Төрайымдын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Качыке Эсенканов, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Феруза Жамашева, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Анархан Базаралиева шайланды.
Эске салсак, 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Соттун төрайымы жана 3 орун басары шайланган, ушул жылдын сентябрында алардын кызматынын мөөнөтү аяктады. Ал эми буга чейин Жогорку Соттун төрайымы кызматында Феруза Жамашева иштеп келген.