Ошто 35 жаштагы айымды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө, жабырланган айым ооруканадан көз жумган

19-сентябрь күнү болжол менен саат 19:30да Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндөгү Киров айылынын унаа жолунда белгисиз айдоочу 35 жаштагы Майлихан Дадаеваны сүзүп кеткен. Жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам 20-сентябрда көз жумган. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жолдон өтүп бараткан айымды кандай үлгүдөгү унаа сүзгөнү жана айдоочунун ким экендиги тууралуу маалымат жок болууда. Аталган башкармалык бул окуя боюнча күбөлөр болсо, маалымат берүүнү суранат.  

Окуянын чоо-жайын билгендер Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына кабарлашса болот. Телефондор: (0 3232) 5-53-28, (0 777) 52-88-88, (0 550) 99-70-33

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dasta
2015-09-23 20:47:21
жайы жаннатта топурагы торко болсун калган омурун балдарына берсин.
0
aytkulova
2015-09-23 21:21:56
Сузуп кетип, анысы аз келгенсип качып кетиптир. Кантип уйундо тынч олтурат болду экен ошол адам?! Жаткан жери жайлуу болсун...
+4
Gulya.akbaralieva
2015-09-24 13:35:11
Откондо вацаптан бироо суротторун жоноткон эле. Супер инфого чыккан эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан