23-сентябрда саат 11:23тө күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту жарыялады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан. Бул айылда жана коңшу калктуу аймактарда жер силкинүүнүн күчү 3 баллга сезилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан улам зыян тарткандар жок.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. 21-сентябрда Нарын облусундагы Арпа өрөөнүндө да күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү болгон. Ал эми 22-сентябрда түнү Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган.