реклама
super.kg logo

Бишкекте Курман айт намазы окулду (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 24-сентябрда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Курман айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулду. Ага Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана болжол менен 50 миңдей эл катышты. 
Алгач чогулган элге дин тууралуу маселелер, баяндар айтылды. Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушев мамлекетибиздин элин Курман айт майрамы менен куттуктап, ислам дининин артыкчылыктарына токтолду. Муфтий чогулган элге кайрылып, өлкөбүздүн эли ислам динин эркин тутунуп келгени чоң өзгөчөлүк экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз салты менен ислам дининин жолу ыкташып турарын айтты. 
"Эзелтен эле бул майрам - тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы. Курман айт майрамын белгилөө биздин өлкөдө эгемендүүлүккө жеткен күндөн тартып чыныгы орду менен белгилене баштады десем болот. Анткени бул майрам коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө, ошондой эле тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келет",- деди Токтомушев. 
Андан кийин Асылбек Жээнбековго сөз берилип, ал өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады. 
Намазга жыгылуу саат 8:15те башталды. Алгач муфтияттын кызматкерлери тарабынан намаз окуунун шарттары түшүндүрүлүп, эл сапка тизилип, андан кийин намаз окушту. 





Бүгүн Бишкекте айт намазы окулду

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(15)
24.09.2015. 09:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
17-06-2015
Соӊку аракети:
12-04-2017 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыныздар куттуктайм. Бизда окуганы кетип жатабыз. Москвада.
24.09.2015. 09:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
17-11-2015 18:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курман айттыныздар маарек болсун момун мусулман бир туугандар
24.09.2015. 12:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
07-11-2012
Соӊку аракети:
26-04-2020 02:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
topchievMaKsAtBeK, рахмат. Аллах разы болсун ылайым. Баарыныздардын майрамыныздар менен!
24.09.2015. 10:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
11-07-2015
Соӊку аракети:
02-10-2015 16:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курман айт маарек болсун урматтуу момун мусулмандар.
24.09.2015. 10:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
08-07-2015
Соӊку аракети:
16-11-2019 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым намазыныздарды кабылсын!
24.09.2015. 10:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
20-08-2015
Соӊку аракети:
09-02-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
курман айтынар маарек болсун
24.09.2015. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
28-07-2021 16:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курман айт майрамынар менен баарынардын
24.09.2015. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
427
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
02-04-2021 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Курман айтыңыздар менен кыргыз калкым!
24.09.2015. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
01-11-2015 20:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Birge bolsun
24.09.2015. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
28-07-2021 17:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбан айт кут болсун тилектерибиз кабыл болсун жер жузундо анын ичинде мусулман мамлекеттеринде тынчтык болсун .Кудайым кыргыз элин колдосун.
24.09.2015. 13:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
824
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жолдошумдун хан сарайы...
0
Айт баарыбызга маарек болсун! Мусулман элим тынч болсун! Аллах колдоп журсун!
24.09.2015. 13:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-05-2015
Соӊку аракети:
13-01-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Айт маарек болсун. Кудайым ар бирибизге ыйман ынсап берсин
24.09.2015. 13:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
11-05-2014
Соӊку аракети:
11-05-2017 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чындыкпы Бишкекте 50 мин киши катышты деген. Башка сайттарда болгону 10мин эл болду дейт
24.09.2015. 15:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-07-2015
Соӊку аракети:
05-02-2020 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,Ош
0
Кутман айт маарек болсун намазынар кабыл болсун мусульман бир туугандар
SUPER.KG видео
25.09.2015. 01:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздарды майрамыныздар менен мусульман элим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172904;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: