Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында көпүрөнүн астынан табылган эшектердин эттери боюнча милиция териштирүү иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда
SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. Маалым болгондой, аталган аймакта "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган кытай улутундагы жарандар жашашат.
Айта кетсек, кечээ, 23-сентябрда аталган эшек эттери табылганы тууралуу
ЭЛДИК КАБАР келген. Буга чейин 21-сентябрда Ош шаарында Кытайдын жаранына таандык 130дан ашуун эшек багылган жай
табылган.