Көчмөндөр оюндарында ат майдандагы отургучтар аткезчилик менен алынып келингени боюнча жеке ишкананын директору кармалды

ИИМдин 5-Башкы башкармалыгы 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 23-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ат майданды оңдоо иштерин "Темир-Канат" ишканасы жүргүзгөн. Ишкананын башкы директору М.Э. "2014-жылы өлкө аймагына отургучтарды бажы төлөмдөрүсүз өткөргөн" деп айыпталууда. Натыйжада 1 570 000 сомдук зыян келтирилген. Факт боюнча "аткезчилик" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан