Араванда 15 жаштагы өспүрүм анын тамеки чеккенин ата-энесине айтам деген 5 жашар баланы кантип өлтүргөнүн айтып берди

23-сентябрда саат 16:00 чамасында Араван РИИБинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар дайынсыз жоголгон Баходирхон Олимжанов аттуу баланын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, А.Анаров айылынын аймагындагы жүгөрү талааларынын биринен, жолдон 100 метрдей аралыктан колу-буту жана оозу скотчтолгон абалда Баходирхондун жансыз денеси табылган. "Бул кылмышка шектүү катары 2015-жылы 9-классты аяктаган (ошол бойдон окууну таштаган), маркумдун айылдашы, 15 жаштагы Р.И. аттуу бала кармалды. Кылмышка шектүү өспүрүм атасынын катышуусу менен болгон сурак учурунда жасаган кылмышын моюнуна алды. Анын айтуусунда, 2015-жылдын 22-сентябрында саат 18:00 чамасында Баходирхон анын тамеки чегип турганын көрүп, тамеки чеккендигин ата-энесине бирдирерин айтып коркуткан. Аны коркутуп коюу максатында үйүнө кирип скотч алып чыгып, Баходирхонду эгин талаасына алып барып, жерге жыгып, колу-бутун скотч менен байлап жатканда жаш бала кыйкыра баштаган. Анын кыйкырыгын эл угуп калбасын деп оозун, моюнун дагы скотчтоп, эгин талаага катарлаш жүгөрү талаасына таштап, өзү кетип калган",- деп билдиришти мекемеден.
Учурда кылмышка шектүүгө карата "алсыз абалынан же жашына жете электигинен пайдаланып адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмыштын бетин Ош ОИИБинин тергөө бөлүмүнүн жана Араван РИИБинин кызматкерлери биргеликте ачышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
jeka85
2015-09-24 13:33:42
кудай сактасын
булда болсо ошол кинолордон корунушта(((((
0
mirlan.tulanbaev
2015-09-24 13:39:43
Бешиктен бели чыга элек бала эми турмонун даамын татабы.Кийин ал баладан кандай адам чыгат болду
экен.аллах баарыбызга -ынсап берсин
0
marmilantka
2015-09-24 13:58:21
Баары азыр интернеттен коруп алышып коргон нерселерин кылып жатышат да.Азыр кичинекей балдарда да телефон бар.
+1
ailam14
2015-09-24 14:17:51
Байкуш кичинекей десе аябай кыйналыптырда жайы жаннаттан болсун
0
temirov76
2015-09-24 14:20:54
Окуп алып журогум титиреп кетти,эмне дешти да билбей калдым,бирдеме дешке олтургон бала да 15 эле жашта болсо.
0
akzuura
2015-09-24 14:53:38
Ай ары жок десе!кайсы арыңа тамеки түтөтөсүң ыя?адам өлтүргөндөн башка нерсе колуңдан келбегенден кийин!зөөкүрлөрдү жашы жете элек дебей түрмөгө тыгып салыш керек чоңдор жакшы жаза бербей жататда ошон үчүн бизде зөөкүрлөр көбөйүп жатат.
+4
briliant87
2015-09-24 18:09:41
Эч нерсе айталбайм.
0
iliaz-91-91
2015-09-24 18:57:07
Кыргыз эли бузулуп жатат.
0
Nur1k_
2015-09-24 20:08:52
iliaz-91-91, алар кыргыз элине кирбейт. Туугандар экен
0
aravan
2015-09-24 21:24:06
аравандыктар барсынарбы босо мага купуя каит жоноткуло
0
mmambet94
2015-09-24 21:49:14
Эн жаман, азаптуу олумду башынан откозуптурда бул байкуш! Жайы жаннаттан болсун!
0
Faina
2015-09-25 00:38:03
Тамеки эмес башка нерсе чексе керек
0
nura.177
2015-09-25 01:14:33
Ээ мээси жок макулук десе, ошол 5жашар баладан коркуп кеттиби айтам деселе, шокалад кант бир нерселерди алып берселе унутуп калат элего. Ыймандын, тарбиянын жоктугу. Мерез, боору таш бала экен жашабай жатып
0
Bektur2
2015-09-25 08:46:39
Мээси жоктугунан мектепти таштады да 5 жашар баланы алдап деле койбойбу сосуз эле озу мурдун танып таштап салбай акылы тайкы деп кутулуп кетет эми
+2
kuba_1977
2015-09-25 11:28:15
Кудай сакта мындай жамандардан озун сакта АЛЛАХым
0
more22
2015-09-26 03:00:58
Сигарет чекбей ошол тутунго озун ууланып олуп калсан болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан