Сауд Арабияда тебелендиде калып каза болгондордун саны 700дөн ашып кетти (фото)

Бүгүн, 24-сентябрда Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндө зыярат учурунда тебелендиде калып каза болгондордун саны 717ге жетти. Ал эми ал ортодо жаракат алгандар 800дөй экенин чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Учурда ал жерде өлкөнүн 200 "Тез жардам" унаасы менен 4 миң куткаруучусу куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Алардын арасында кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бар же жок экени такталып жатканын муфтияттан билдиришти. 
Окуя бүгүн түшкө жакын Меккеден 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Мина өрөөнүндөгү Жамра көпүрөсүндө орун алган. Анда зыяратчылар шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн аткарып жатышкан.
Айта кетсек, учурда Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынан 4 миңден ашуун жаран, ал эми башка мамлекеттерден 1 миллион 300 миңге жакын адам ажылык милдетин аткарып жүрөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
islam14
2015-09-25 06:42:21
Кыргыздын баары эле чон ата чон эне го озунчо эле акылман болуп....Ажал дейт муну...ичеер суусу тугонду...

-3
Umnitsa
2015-09-25 07:08:14
арасында кыргыздар барбы жокпу качан такталат? такталса созсуз чыгарып коюнуздарчы. ажыда жургон энемен кыжалат болуп жатабыз.
0
Bektur2
2015-09-25 08:33:54
Жаткан жерлери жайлуу болсун бейишке чыкс керек да туз эле АЛЛАХтнын ыйык жеринен курман болгондор
0
Izdeim_seni.
2015-09-25 08:47:19
Кудайга сыйынганы барып бирин бири тебелегени кантет?
+1
Abdurahman
2015-09-25 09:46:57
Аллах рахматына алсын!!!
0
kubat_1973
2015-09-25 09:56:06
Мен тан калам ыйык жер дейсинер бир туруп ыйык тутуп бир жерге сыйынган куноо дейсинер .Тоого ташка ыйык тутуп сыйынбагыла дейсинер кайра Меккедеги ташты ыйык дейсинер ага сыйынып.Кудайдын суйгон жери дейсинер кудай бир жерди суйуп бир жерди жаман коргудой кыргыз беле озу жараткан жердин баарын бирдей корсо керек.717адам олсо 800дой жарадар дейт ыйык жерде ыйыктай журушпойбу бири бирин тебелебей мал деле жыгылганын аттап отот го тебелебей.
+6
balzak
2015-09-25 10:20:34
kubat_1973,жакшы коммент берипсиз,оюнузга кошулам
0
Mars55
2015-09-25 12:16:01
kubat_1973, эн туура айттыныз менин оюумду
0
v.kyrgyz
2015-09-25 17:20:24
kubat_1973, ажылыкты Кудайым буйруду. Ким каршы чыга алат. Аллахым 18 мин ааламдын Жаратуучусу! Зыярат дейт муну.
-1
baba.
2015-09-25 10:59:14
Ой журогум ооруп кетти коруп.Кимге кандай олум буйрулган билбейбиз.Тебелендиде калып олгондорго ушундай олум буюрган болобу ошондо.....
0
nureldik92
2015-09-25 11:57:18
бул жерде,бизнес сыяктуу да болуп кеткен окшойт,нормасынан 10 эсе адамдарга чакыруу билетин сатат да анан эки милион адамды айлана бергиле деп бир мезгилде койберсе ал бетте мындай нерсе болот да,же кандайдыр бир шарт тузуп беришпейт азыраактан болуп откоруш керекко.
0
nureldik92
2015-09-25 12:26:11
бул кун ыйык кун болуш керек элего,мисалы жыгылганды тургузуп жадам сураганга жардам берип,а бул корунуш тескеричеге окшоп калыптыр тебелеп отуп бирок айла жок тебелейтта бут койорго жер жок болсо,суроттогу корунуш жаныле согуш буткондойго тоба кылдым,
0
Savai80
2015-09-25 14:38:57
Бир соз менен айтканда жапайычылык
0
Arzu.kg
2015-09-25 16:08:14
Kubat 1973 айтканынызга абдан кошулам ,
0
Deniza88
2015-09-25 20:30:58
Эмнеге таш ыргытышат? Такыр тушунуксуз как то ?????
0
fanatka19
2015-09-25 21:42:12
Кудайга сыйынабыз,күнөөдөн арылабыз,зыярат кылабыз деп барып алышып,кайра тебелеп киши өлтүрүп күнөөгө батыр келгендери эмнеси?
0
dasta
2015-09-26 15:07:38
ааламдан откондордун жайы жаннаттан болсун аллах озуу рахматы кылсын
0
kadamjai1977
2015-09-27 14:02:43
Малдан айырма калбады тооба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан