Бишкекте Спорт Ордосунун жанындагы кафеде жардыруучу зат изделүүдө

Бүгүн, 24-сентябрда кечке жуук милицияга Бишкекте Спорт Ордосунун жанындагы кафеге жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түштү. Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, учурда тамактануучу жайдын айланасында жана ичинде сапёрлор жарылуучу затты издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми кафенин кызматкерлери жана коноктору сыртка чыгарылып, мекеме курчоого алынып турат.
Айта кетсек, буга чейин борбор калаада жардыруучу заттар боюнча маалыматтар белгисиз адамдар тарабынан бир канча жолу түшкөн, бирок текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mars55
2015-09-24 23:09:16
маалымат бергенди кармаш керек
+1
altynaiB
2015-09-24 23:11:54
Элдин баарынын конулун бир жакка бурдуруп башка жактан жардырууларды уюштурган учурлар кездешет го. Ошол сыяктуу башка жакты да конулдон сырт калтырбай баарын тегиз козомолдош керек.Кыргызым тынч болсун не болсо да сак болгула дейт элем.
0
ulan_sabina
2015-09-25 01:05:54
Ошо маалымат берген адамды кармап ХХХ ХХХ ХХХ... жалга маалымат берген моондой болот деп
+4
admin_portal
2015-09-25 12:01:36
ulan_sabina - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан