Бишкекте Спорт Ордосунун тушунда жайгашкан кафеден жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына күч органдардагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 20:30 чамасында кафеге белгисиз адам телефон чалып, коюлган бомба тууралуу кабарлаган. Андан соң кафенин өкүлдөрү милиция менен байланышып, бул маалыматты билдиришкен. Укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлери тамактануучу жайдагы адамдардын баарын сыртка чыгарышып, кафени курчоого алышкан. Сапёрлор анын ичинде издөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу затты табышкан жок.