Орусияда "Бригада" криминалдык сериалында Саша Белыйдын күзөтчүсүнүн ролун аткарган актёр баңгизат менен кармалды

Орусияда "Бригада" сериалында Шмидттин ролун аткарган Дмитрий Гуменецкий баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө 280 килограмм синтетикалык баңгизат табылды. Москва гарнизондук аскер соту Гуменецкийди 22-ноябрга чейин камакка отургузуу боюнча чечимин чыгарды.

"Д.Гуменецкий Орусиянын укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкери болуп, өзүнүн криминалдык чеберчилигин кинодо көрсөтүп келген. Ал "Бригада" сериалында башкы каарман Александр Беловдун (Саша Белый) күзөт кызматынын башчысы Шмидттин образын жараткан жана "Бумер" тасмасында тартылган",- деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azahan
2015-09-25 10:50:14
Опаа Шмит колго туштун
+2
baba.
2015-09-25 11:03:34
Посттон учуптур да.Озунун эле адамдары сатканда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан