Чүй облусунун тургундарын текшерүү учурунда алардын жанынан марихуана маңзаты табылды. Муну Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун ички иштер органдарына Егор жана Денис аттуу жигиттер баңгизат сактап жүрүшкөнү тууралуу кабарланган. Бишкек-Манас унаа жолунда 34 жаштагы Д.Д. жана 19 жаштагы П.Г. аттуу жарандарды текшерүү учурунда экөөнөн тең баңгизат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында салмагы 735 грамм болгон зат марихуана экени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.