Маалыматка караганда, дирекция 2012-жылы Караколдогу №4-орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөө жана жылуулук системин алмаштыруу боюнча тендер өткөргөн. Жыйынтыгында "Канат Курулуш" ишканасы менен 9 408 749 сомго келишим түзүлүп, көрсөтүлгөн акча каражаты ишкананын эсебине өткөрүлгөн.
2015-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектепти кабыл алуу үчүн атайын комиссия иш алып барып, көз карандысыз эксперттер оңдоо иштерине керектелген материалдардын саны актта көрсөтүлгөндөрдүн санына дал келбегенин айтып чыгышкан. Натыйжада капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2 140 245 сомго ашыкча аткарылганы аныкталган.
Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "коммерциялык жана башка уюмдарда иштеген кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу", "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.