Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышып, 3 адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда ДАФ-430 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жол кырсыгы 25-сентябрда саат 02:41де Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында катталган. Жол кырсыгынан Субару Легаси үлгүсүндөгү унаадан 3 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМнын 97-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаада кыпчылып калган адамдарды чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгондор жана жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен.    

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynystan
2015-09-25 12:32:46
Ушул окмот жолдорду кенейтип чырактарды коюп, знактарды орнотуп бир ирээтке келтирсе болмок.а то канчалаган адам олуп кетип жатат
+2
Alixan-Nookat.2015
2015-09-25 19:45:28
Интернетке кирсен созсуз жол кырсыгынан каза болду деген жанылыкты кундо окуйсун. Канткенде жол кырсыктарын азайтса болот экен кобунчосу айдоочулар адис эместиктен катуу айдагандан болуп жататго дейм.
0
more22
2015-09-26 03:08:21
Акшындабай акырын журуш керекда. Жаткан жерлери
жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан