Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Хунчи айылынын жанында 700 литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан Хундай Портер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күйүүчү майды ташууга тиешелүү документтер айдоочуда жок болгон. Суракта ал күйүүчү майды 29 сомдон сатып алганын айтты. Сатып алынган жайдын аймагында милиция кызматкерлери көлөмү 2 миң литрден ашуун чоң темир идишти табышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жай 1989-жылы туулган Кара-Балта шаарынын А.Э. аттуу тургунуна таандык экени аныкталды. Ал күйүүчү майды Казакстандан сатып алып келгенин билдирди. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу боюнча материалдар Чүй облустук прокуратурасына тапшырылды.