Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут аймагында түн ичинде эки ирет ок атылып, ал жер тинтүүгө алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан 25-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, аталган аймактагы Өрүк кыштоосунан 24-сентябрда саат 23:00 чамасында эки ирет атылган октун үнү жаңырган. Чек арачылар аталган аймакка келип тинтүү иштерин жүргүзүшкөн, бирок эч кандай шектүү адам табылган эмес. Чек арачылар мылтык жергиликтүү мергенчилер тарабынан атылган болушу мүмкүн экенин билдиришкен.