
* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы улуу сүрөтчү жана актёр
Сүймөнкул Чокморов 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген поликистоз оорусунан көз жумган. Ал бир бөйрөгү жок төрөлүп, ал эми экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү.
Актёр 1939-жылдын 9-ноябрында Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. С.Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эң мыкты эркек ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы украиналык мамлекеттик жана саясий ишмер, ишкер, Украинанын 5-президенти
Пётр Порошенко Белграддагы Одесса облусунда туулган. 1974-жылы ата-энеси Молдовага көчүп кетишип, анын балалыгынын көп мезгили ошол жерде өтүп, он жашынан баштап дзюдо менен машыккан. СССР убагында дзюдо боюнча спорттун чебери, кандидаты болууга жетишкен. 1989-жылы Киев мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер факультетин ийгиликтүү аяктап, алгачкы эмгек жолун какао буурчактарын сатуу менен баштаган. 1990-жылдары көптөгөн кондитердик ишканаларды жандандырууга жетишип, “Рошен” компаниясын негиздеген. Бул эмгегинин натыйжасында “шоколад падышасы” деп аталган. Таттуулар менен башталган бизнеси оң жолго коюлуп, андан кийин ар тармактуу иштөөгө багыт алат. Мисалы, “Луцкий” автомобиль заводун, “Богдан” корпорациясын, “Бешинчи канал” телеканалын жана башка ар тармактуу арбын бизнестин ээси боло алган.
Акчалуу ишкер 1998-жылдан баштап Украинанын саясат чөйрөсүнө баш багат. Бир катар саясий партиялардын мүчөсү, түзүүчүсү, Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, тышкы иштер министри болуп иштеп саясий карьерасын жогорулаткан. 2014-жылы Евромайдандын активдүү катышуучусу болуп жүрүп республиканын президенти болууга жетишкен.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Монголияда биринчи император
Чыңгыз ханга арналып тургузулган бийиктиги 40 метр келген айкелдин ачылыш аземи болгон. Чыңгыз ханга арналган дүйнөдөгү эң чоң атчан статуянын бийиктиги – 40 метр, ылдыйында 10 метрдик постаменти бар. 250 тоннаны түзгөн эстелик эки кабаттан туруп, галерея, сувенир сатуучу дүкөндөрү, музей, ресторандар жайгашкан. Кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлсө, Чыңгыз ханды жакындан, тагыраагы, маңдайынан көрүүгө болот. Уламышка ылайык, дал ушул эстелик жайгашкан жерден баатыр алтын камчы таап алган деп айтылат.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы америкалык актриса
Глория Стюарт 101 жашында каза болгон. Ал мындан беш жыл мурда рак оорусуна чалдыгып, бул актрисанын өлүмүнө себеп болгон. Бирок ал ага анчалык маани бербегенин кызы Сильвия Томпсон айтканын "Associated Press" кабарлаган.
Глория Стюарт актрисалык карьерасында 70тен ашуун тасмаларда роль жараткан. Жеймс Кэмерон режиссёрлук кылган "Титаник" тасмасындагы карыган Роза Калверттин ролу аны ийгиликке жеткирген. Тасмада да Роза Калверт 101 жашында каза болгон. Ал эми анын ролун аткарган Глория Стюарт ал учурда болгону 86 жашка аяк баскан. Мына ушул ролу үчүн Стюарт "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлүп, бирок жеткен эмес.