
* Мындан 103 жыл мурун, 1912-жылы СССРдин Эл сүрөтчүсү
Гапар Айтиев Ош облусунун Төлөйкөн кыштагында туулган. Айрым маалыматтар боюнча, сүрөтчүнүн туулган күнү 15-сентябрь деп айтылат. Ал Бишкектеги (мурунку Фрунзе) Агартуу институтунун (кийин Борбордук педагогикалык техникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн. Сүрөтчүлүк өнөрү боюнча атайын билимди Москвадагы "1905-жылдын эстелиги" атындагы сүрөт окуу жайында Н.П.Крымов менен П.Петровичевден алган.
Г.Айтиев - кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, улуттук профессионал сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү, СССРдин Эл сүрөтчүсү. Ал 1984-жылы 16-декабрда 72 жаш курагында көз жумган.

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы композитор жана дирижёр, КРнын Эл артисти (1974), СССРдин Эл артисти (1979), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1991)
Калый Молдобасанов Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Терек айылында туулган. Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык жана башка чыгармалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын ("Кыргыек", "Бак тигели", "Кызыл топ", "Жамгыр" жана башкалар). Элге кеңири таанылган чыгармалары: "Гүлдө, Кыргызстан" (1964), "Шаңдан, Кыргызстан" (1974) кантаталары, "Биздин күндүн адамдары", "Достук", "Бактылуу жаштык" симфониялык сюиталары, "Кыздын ыры" (1963), "Жайлоодо" (1958), "Өрттөнсүн бозой жалынга" (1961), "Көл вальсы" (1969) ырлары жана башкалар.

* Мындан 118 жыл мурун, 1897-жылы казак жазуучусу
Мухтар Ауэзов Семей уездиндеги Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көксерек”, “Енлик-Кебек” ж.б. чыгармалардын автору.
Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов 1961-жылы жайында Москвага дарыланууга келип, 27-июнь күнү операция убагында 63 жаш курагында көз жумган.

* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы америкалык авиаконструктор
Уильям Боинг 74 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан.
Дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык инженер Уильям Боинг 1881-жылы 1-октябрда машина куруу менен атагы чыккан АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен. Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден-бир лидери болуп саналат.