Маалым болгондой, бүгүн саат 15:20 чамасында Кара-Көл шаардык сейил багынын күн чыгыш тарабынан 2004-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. "Ата-энесинин берген маалыматы боюнча, ал саат 9:00дө Кара-Көл шаардык музыкалык окуу жайына сабакка кеткен, колунда комузу болгон. Ал жарым сааттан кийин келиши керек болчу, бирок үйгө келген эмес. Анын жансыз денеси табылган жерден комузу табылган жок.
Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Жалал-Абад ОИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү жаран кармалды. Анын буга чейин соттолуп, камактан жаңы чыкканы аныкталды.
Учурда соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Азырынча “кызды ичке жип менен муунтуп өлтүргөн” деген версия каралууда",- дешти облустук милициядан.