"Бүгүн, 26-сентябрда Ноокат районунда ырчы Роза Шакирова жол кырсыгына кабылды",- деп
SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Анын айтымында, автоунаа түз жерден айланып, оодарылып кеткен. "Кырсыктан улам Роза айым оң колунан жаракат алган. Ош тарапка көздөй бараткан унаа аны ооруканага алып кетти. Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу аскердик форма кийген бала экен. Анын абалы жакшы",- дешет күбөлөр.
Айта кетсек, бүгүн Ош облусунда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын концерти өтмөкчү. Иш-чарага катышчу артисттердин арасында Роза Шакирова, Алтынай Нарбаева бар экенин SUPER.KG'ге Роза айымдын курбусу Азиза билдирди. Ырчы Алтынай Нарбаева учурда ооруканада экенин айтып, бирок кырсык боюнча маалымат берүүдөн баш тартууда. Ал эми Роза айымдын телефону учурда байланышта эмес болуп жатат.