Чүй облусунда жол кырсыгынан 15-16 жаштагы 4 бала каза болду

Чүй районунун С.Ибраимов айыл аймагында 27-сентябрь күнү саат 14:37 чамасында Токмок - Кызыл-Аскер жолунун 11-чакырымында Тойота Функарго үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, түркүктү сүзүп алган. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, 4 адам каза болгон (3 адам окуя болгон жерден, 1 адам ооруканадан көз жумган). Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгондор:

1) Мыктыбек уулу Ислам, 15 жашта;

2) Дастан Сагынов, 16 жашта;

3) Эрлан аттуу 16 жаштагы бала, фамилиясы такталууда;

4) Таалайбек уулу Эрлан, 2002-жылы туулган, ооруканага эс-учун жоготуп жеткирилген, 2015-жылдын 28-сентябрында эртең мененки саат 06:00 чамасында ооруканадан каза болду.

Жаракат алып, Чүй аймактык ооруканасына жаткырылгандар:

1) Кайрат Абдыкалиев15 жашта;

2) Актан Сагынов16 жашта;

3) Жакшылык Акматбеков16 жашта;

"Учурда балдардын жашаган жери, толук жашы, туулган жылдары такталууда. Окуя болгон жерге ӨКМнын №21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу чыгып, "Тез жардам" кызматы барганга чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан кийин "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар жана каза болгондор Чүй райондук ооруканасына жеткирилишкен",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bektur2
2015-09-28 08:34:13
Жаман болуптур жаткан жерлери жайлуу болсун. Ата-энеси жашы жетелек балага кантип айдатып койду машинасын бир кулу ачыла элек балдар экен бодо кырсыктан АЛЛАХ озу сактасын
+3
Nkvd_1993
2015-09-28 08:45:44
Bektur2, ошону айтсаныз,байкуштар,жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Farm94
2015-09-28 09:03:31
Эмне айдоочулук куболукту 15,16 жаштан эле берилеби
+4
Rifle
2015-09-28 09:22:08
Farm94,
Ким уруксат берди экен машина айдаганга?
0
Guli.K.E.
2015-09-28 09:13:17
Дастан , Актан дегендер эгиз болсо керек ((( аябай окунучтуу, чонойуп калганда. Жаткан жерлери жайлуу болсун(((
+1
newman
2015-09-28 09:18:05
бир машинага 7 адам отурган болсо
0
al-abu-kinesz
2015-09-28 09:29:15
Кайшылуу окуя болуптур, жаткан ёерлери жайлуу болсун, он гулунун бири ачыла электе кете беришиптир...((
0
Yu-piter
2015-09-28 09:41:46
Жаткан жери жайлуу болсун, өмүрү кыска экен,ата-энесине сабыр тилөө менен көңүл айтып,Жаратканга шүгүр кылуудан башка айлабыз жок.
0
Kunbeken
2015-09-28 11:26:02
Жап жаш мектепти да буто элек балдар экен окунучтуу
0
gulaza
2015-09-28 15:06:26
Жаткан жери жайлуу болсун башка жаш балдарга ата энелерге сабак болсун !
0
Asema89
2015-09-29 11:32:44
Жаткан жерлери жайлуу болсун. 15-16 жаштагы балдар правосы жок машина айдап журушот. Жаш балдардын машина айдоосуна Ата-эне Мамлекет катуу козомол салышы керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан