Бишкекте 22-февралдан 2-мартка чейин өткөн балдар арасындагы шахмат боюнча шаар биринчилигинин жыйынтыгы чыгарылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, таймаш 9 айлампадан туруп, 4 жаш курактык категория боюнча өттү. Шахматты жаңы ойноп баштагандардын арасынан Нурмухамет Мусаев жана Полина Белецкая, кенже балдар арасынан Эльдияр Орозбаев менен Алия Сыдыкова, өспүрүмдөр арасынан Айпери Майрамбекова, Кайлу Калиманов, Акылбек Кыялбек уулу жана Шахнази Мусаева биринчи орунду багынтышты.