Милицияга Жибек-Жолу көчөсүндө болгон кырсыктын күбөлөрүнүн жардамы керек болууда

27-сентябрда саат 16:20 чамасында Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү №486-үйдүн жанында жол кырсыгына күбө болгондордун жардамы керек болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул күнү аталган аймакта айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктан улам 42 жаштагы айым бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

"Учурда Жол-кайгуул кызматы жөө адамды сүзүп кеткен айдоочуну аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга күбө болгондордон (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранабыз",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан